Пакистан Норвегиядагы Куран Керимдин өрттөлүшүн ЕБ менен ИКУга алып барат

Пакистан Норвегияда Куран Каримдин өрттөлүшү окуясын Европа Биримдиги жана Ислам Кызматташтыгы Уюмуна алып баруу чечимин чыгарды.

1312238
Пакистан Норвегиядагы Куран Керимдин өрттөлүшүн ЕБ менен ИКУга алып барат

Пакистан Норвегияда Куран Каримдин өрттөлүшү окуясын Европа Биримдиги жана Ислам Кызматташтыгы Уюмуна алып баруу чечимин чыгарды.

Пакистан маалымат жана телекөрсөтүү – радио берүү министри Фирдоус Ашик Аван бул тууралуу  бийликтеги партия Пакистан адилеттик кыймылынын лидери Имран Хандын жетекчилигинде өткөргөн жыйындан кийин массалык маалымат каражаттарына билдирүү берди.

Жыйында Норвегиядагы окуянын айыпталгандыгын белгилеген Аван : «Пакистан мусулмандарга акаарат кылган кыймылдарга тоскоол болуу жана кайрадан болбошу үчүн маселени Европа Биримдиги жана Ислам Кызматташтык Уюмуна алып барат»,- деди.

Пакистан кечээ да Норвегиянын Исламабад элчисин тышкы иштер министрлигине чакырып окуя тууралуу тынчсызданууларын билдирип, элчиге Исламабаддын каршы чыккандыгын Норвегия мекемелерине билдирилишин талап кылган. Норвегияда  качкындар жыш жашаган Кристиансанд шаарында 16 -  ноябрда ашыкча оңчул Норвегиянын исламдашуусун токтоткула группасынын лидери Ларс Торсен Куран Керимди өрттөгөн.

Торсенге кийлигишкен сириялык жаш жигит Омар Дабаа Норвегиянын UTROP журналына берген маалыматында полициянын митингден мурда Куран Керимдин өрттөлүшүнө тоскоол болорун белгилегенине карабастан муну аткарбагандыгын айтты.



Тектеш кабарлар