Иракта Коалициялык күчтөр террордук уюм ДЕАШка абадан чабуул койду

Бул тууралуу Ирактын Коргоо министрлиги жарыялады.

1303808
Иракта Коалициялык күчтөр террордук уюм ДЕАШка абадан чабуул койду

Ирактын Коргоо министрлиги Мосул провинциясынын Махмур районуна караштуу Карачок тоосунда террордук уюм ДЕАШ буталарына 14 жолу абадан чабуул койгонун маалымдады.

Коргоо министрлигине караштуу Коопсуздук медиа желесинен берилген жазуу түрүндөгү жарыяда, террордук уюм ДЕАШтын калдыктарын жок кылуу максатында Эл аралык коалиция күчтөрү тарабынан Карачок тоосуна 14 жолу абадан чабуул жүргүзүлгөнү белгиленди.

Террор менен күрөшүү күчүнүн операциясынын Ирак мүчөсү болгону белгиленген жарыяда, саны айтылбастан көп сандаган ДЕАШ террористинин жок кылынганы маалымдалды.

Террордук уюм ДЕАШ, 2014-жылдын июнь айында Мосул баш болгон Ирактын жерлеринин үчтөн бир бөлүгүн басып алган.

Ирактын коопсуздук күчтөрү 2017-жылдын декабрь айында аты аталган жерлерди чоң өлчөмдө кайтарып алган.

Террордук уюм ДЕАШтын аймактан чыгарылышы жана шаарлардын артка кайтарылып алынышына карабастан уюмдун өзгөчө Керкүк, Дияла, Мосул, Салахаддин жана Энбар провинцияларынын элет жерлериндеги кол салуулары тыйыла элек.



Тектеш кабарлар