Фестивалдан кайтып келе жаткандарды ташыган автобус дарыяга кулап түштү
Кырсыкта 17 киши каза болуп, 50 киши жаракат алды.
1299651
![Фестивалдан кайтып келе жаткандарды ташыган автобус дарыяга кулап түштү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/6a6e/0a0c/07bb/5dbfd3951abea.jpg?time=1718932726)
Непалда автобустун дарыяга кулап түшүүсүнөн 17 киши каза болуп, 50 киши жаракат алды.
Өткөн жуманын аягында аяктаган Тихар фестивалынан кайтып келе жаткандарды ташыган автобус баш калаа Катмандунун 120 чакырым чыгышында 20 метр бийиктиктен Сункоши дарыясына кулап түштү.
17 кишинин өмүрүн алган, 50 киши жаракат алган кырсыкка автобустагы бузулунун себеп болгондугу айтылууда.
Автобуска ашыкча жүргүнчү салынганы белгиленди. Ал эми жаракат алган 21 кишинин дарыялануусу болсо уланып жатат.
Непалда жолдордун начар болушунун себебинен жол кырсыктары көп катталат.