Тель-Абьядда террордук кол салууга бөгөт коюлду
Бомба жүктөлгөн унаа аныкталды.
1295929
Сирия Улуттук армиясынын аскерлери, Тель-Абьяд районунун борборунда бомба жүктөлгөн унааны аныктап террордук кол салууга бөгөт болушту.
Унаадагы бомба көзөмөлдөнгөн абалда жардырылды.
«Тынчтык булагы» операциясынын негизинде террористтерден куткарылган Тель-Абьяд районунда коопсуздуктун камсыздалышы үчүн издөө-тинтүү иштери уланып жатат.
Сирия Улуттук армиясынын аскерлери, ушул алкакта Сирия-Түркия чек арасындагы Тель-Абьяд районунун борборунда кечээ террордук уюм ЙПГ/ПКК террористтери тарабынан бомба жайгаштырылган унаа аныкталды. Унаадагы бомба адистер тарабынан зыянсыздаштырылды.
Акчакале районун маңдайындагы Сирия жерлеринде орун алган Тель-Абьяд району 13-октябрда террористтерден куткарылган болчу.