Трамп ЙПГ/ПККга чегинүү чакырыгын салды

Вашингтондо шайлоочулар менен жолуккан Трамп, АКШ аскерлеринин «Тынчтык булагы» операциясы аймагынан чыгуу чечимине баа берди.

1287028
Трамп ЙПГ/ПККга чегинүү чакырыгын салды

АКШнын президенти Дональд Трамп, жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККнын Түркия  чек арасынан чегинүү аракетинде экенин жана уюмдун чегине турганын ойлогонун айтты.

Вашингтондо шайлоочулар менен жолуккан Трамп, АКШ аскерлеринин «Тынчтык булагы» операциясы аймагынан чыгуу чечимине баа берди.

Өткөн жылы Ирак менен Аймактык күрт башкаруучулугунун ортосунда калганын айткан Трамп, бул ирет да Түркия жана ЙПГ/ПККнын ортосунда калганын айтты.

Трамп: «ЙПГ/ПКК Түркия чек арасын бойлой 22 мил, 30 км ичкериге кирген аймактан чегинүү аракетинде жана бул жакшы нерсе. Таштагыла алардын (Түрктөрдүн) чек аралары алардыкы болсун»,-деп айтты.

АКШнын  аскерлерин аймактан чыгаруу чечимине да токтолгон Трамп: «Өз чек арабызды коргой албай жатканда аскерлерибизди Түркия-Сирия чек арасында дагы 50 жыл кармай албайбыз»,-деди.

Чечими кандай болсо болсун медианын бутасы боло турганын белгилеген Трамп, ЙПГ/ПККнын чегинүүсү тууралуу, «Эми чыгып кетишет, анткени учагыңыз жок болсо, согуштук учагы болгон бир күчтү жеңүү абдан кыйын»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар