Трамп АКШнын ПКК менен иштешкенинин жаңылыш болгонун айтты

Дональд Трамп, Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сирияда Евфрат дарыясынын чыгышында жүргүзүлгөн «Тынчтык булагы» операциясы тууралуу маалымат берди.

1285517
Трамп АКШнын ПКК менен иштешкенинин жаңылыш болгонун айтты

АКШнын президенти Дональд Трамп, мурасчысы Барак Обаманын жикчил террор уюму ПКК менен келишим түзгөнүн, мунун жаңылыш болгонун айтты.

Дональд Трамп, Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сирияда Евфрат дарыясынын чыгышында жүргүзүлгөн «Тынчтык булагы» операциясы тууралуу маалымат берди.

Мурдагы президент Обаманын (Сириядан чыгара турган АКШ аскерлеринен кала турган боштукту толтурушу үчүн) жикчил террористтер менен кызматташтык кылганын моюнга алып муну «жаңылыш» деп мүнөздөгөн Дональд Трамп: «Түркия көптөгөн жылдардан бери өлүмчүл душманы ПКК менен күрөшүп жатат»,-деди.

Түркиянын айрыкча сириялык миллиондогон качкынды баш калкалатканын эске салган АКШнын президенти «Түркия болбогондо бул адамдар дүйнөнүн төрт тарабына таркап кетмек»,-деп айтты.

Американын аскерлеринин Сириядан чыгуу чечимин дагы жактаган Трамп, «Бул аягы келген согушту бүтүрүүнүн убагы келген»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар