Плассчарт: "Ирактагы митингдерде зомбулук кылгандар жоопко тартылышы керек"

UNAMI Иракта өкмөткө каршы митингдерде зомбулук кылгандардын жоопко тартылышын талап кылды.

1282497
Плассчарт: "Ирактагы митингдерде зомбулук кылгандар жоопко тартылышы керек"

Бириккен Уулттар Уюмунун жардам миссиясы(UNAMI), Иракта өкмөткө каршы митингдерде зомбулук кылгандардын жоопко тартылышын талап кылды.

UNAMIнин төрагасы Жанин Хеннис-Плассчарт, борбор шаар Багдад менен түштүктөгү шаарларда уланган митингдер тууралуу жазуу түрүндө билдирүү жарыялады.Окуялардын себебинен катуу кайгырганын айткан Жанин Хеннис-Плассчарт, «Отчеттордо, митингдерде 5 күндө каза болгон жана жаракат алгандар бар. Мунун токтотулушу зарыл»,-деди.Жанин Хеннис-Плассчарт, билдирүүсүндө митингдерде зомбулук кылгандардын жооп бериши керектигин баса белгиледи.Иракта Багдад менен түштүгүндөгү шаарлар 1-октябрдан бери коррупция, жумушсуздук жана мамлекеттик тейлөөлөрдүн жетишсиздигинин себебинен уюштурулган митингдерге сахна болду.


 


Тектеш кабарлар