Францияда сары кемселчендер кайрадан көчөгө чыкты

Күйүүчү майдын камбатташы жана начар экономикалык шарттарга нааразылык билдирүү үчүн башталган, андан соң Макрон бийлигине каршы митингдерге айланган сары кемселчендердин акциялары уланууда.

1282539
Францияда сары кемселчендер  кайрадан көчөгө чыкты

Францияда сары кемселчендер митингдердин 47-аптасында президент Эммануэл Макрон башкаруучулугунун саясаттарына нааразылыгын билдириш үчүн кечээ кайрадан көчөгө чыкты.

Күйүүчү майдын камбатташы жана начар экономикалык шарттарга нааразылык билдирүү үчүн башталган, андан соң Макрон бийлигине каршы митингдерге айланган сары кемселчендердин акциялары уланууда.

Парижде сары кемселчендер Исталия аянтында орун алган бир соода борборун басып алды. Макрон жана өкмөткө каршы ураан чакырган митингчилер, адамдардын соода борборуна кирүүсүнө жана чыгуусуна тоскоол болду.

Акцияларга экология митингчилери колдоо көрсөттү.

Тулузе шаарындагы акцияларда полиция менен митингчилердин ортосунда чыңалуу болду.

Полиция митингчилерге көздөн жаш агызуучу газ чачты. Митингчилердин жерге кулаган полицияны тепкилегени,бир киши кармалганы жана 3 полициянын жаракат алганы маалымдалды.

Өлкөнүн ар кайсы жерлеринде митингдер уюштурулду. Сары кемселчендердин митингдери 2018-жылдын 17-ноябрында башталган. Акцияларда ушул убакка дейре 11 киши каза таап, 4245тен ашуун киши жаракат алды жана 12107ден ашуун киши камакка алдынды.



Тектеш кабарлар