Украинада учак чукул конду
Чукул конгон учак кырсыкка учурады.
1281846
![Украинада учак чукул конду](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/8cec/3d67/9244/5d97089e9ff5b.jpg?time=1718940214)
Украианын Львов шаарында жүк ташуучу учактын күчүүчү майы бүтүп калып аэропортко чукул конуп жатканда болгон кырсыкта 3 киши көз жумду, 3 киши да жаракат алды.
Украинанын Инфраструктура министрлигинин маалыматында, Испаниянын Виго шаарынан Украианын Львов шаарына каттамдарын жүргүзгөн Ан-12 үлгүсүндөгү жүк ташуучу учактын күйүүчү майы бүтүп калгандыктан «Данило Галицкий» аэропортуна жакын жерге чукул конгондугу белгиленди.
Кырсыкта 3 кишинин каза тапкандыгы жана 3 кишинин жаракат алгандыгы маалымдалды.