Индиядагы катуу жамгыр жаашынын таасири али да бар

Катуу жааган жамгыр жол ачкан сел жана кырсыктарда каза болгондордун саны 73кө жетти.

1281955
Индиядагы катуу жамгыр жаашынын таасири али да бар

Индиянын Бихар провинциясында катуу жааган жамгыр жол ачкан сел жана кырсыктарда каза болгондордун саны 73кө жетти. Жетекчилер Бихардын 15 аймагында 27 – 30 -  сентябрь күндөрү катуу жааган жамгырга байланыштуу сел жана кырсыктарда бул кишилердин сууга чөгүү, дубалдардын кулашы, дарактардын кулашы жана ток тартуунун натыйжасында каза болгондугун билдиришти.

Азырынча  суулар тартыла элек Патна шаарында суу ташкындарынын күнүмдүк турмушка тескери таасир тийгизгендиги жана шаардын кээ бир аймактарында селден таасирленген банктардын, дүкөндөрдүн жана менчик ооруканалардын бир жумадан бери жабык экендиги билдирилди.

Провинция өкмөтүнөн кечээ берилген маалыматта селдердин провинциянын 15 аймагындагы 959 айылды алгандыгы жана 2 миллион 145 миң кишинин селден таасирленгендиги белгиленди.

Бир тараптан көптөгөн жерде селде калган малдардын тарптарынын азыр да сууларда болушу жугуштуу оору коркунучун туудургандыгы белгиленген.

Уттар Прадеш аймагында катуу жамгыр жаашы жол ачкан сел жана кырсыктарда каза болгондордун саны 111 деп билдирилди.

Расмий маалыматтар өлкөдө бул жылы акыркы 25 жылдын абдан катуу муссон жамгыры жаагандыгын жана июнь айында башталган катуу жамгыр жаашы жол ачкан апаат жана кырсыктарда 29 -  сентябрдан баштап жалпы өлкөдө 1673 кишинин каза болгондугун ортого салган.

Түштүк Азияда июнь  -  сентябрь айларында катуу жааган муссон жамгыры жыл сайын чоң өлчөмдө табигый апаат жана кырсыктарга жол ачууда.



Тектеш кабарлар