Талибан кол салуусун улантып жатат
Талибандын кол салуусунан 11 полиция көз жумду.
1279266
![Талибан кол салуусун улантып жатат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/8271/314e/d7ab/5d835acb5fc5b.jpg?time=1718926958)
Ооганстандын түндүгүндөгү Балх облусунда Талибан мүчөлөрүнүн кол салуусунан 11 полиция каза тапты.
Балх губернаторлугунун катчысы Мүних Ахмет Ферхад, Талибанга мүчө террористтердин Шор-Тепе районуна төрт тараптан кол салгандарын белгиледи.
Кол салууда 11 полициянын каза тапканын билдирген Ферхад районго кошумча күч катары көп сандаган полициянын жиберилгендигин айтты.
Көргөн күбөлөр кол салуу убагында Талибан мүчөлөрүнүн райондун борборуна кирип баргандарын белгилешти.
Талибан болсо кол салууда 30 коопсуздук кызматкеринин набыт болгонун айтууда.