Кытайда бир заводдо өрт чыкты

Өрттө 19 киши каза болду.

1278852
Кытайда бир заводдо өрт чыкты

Кытайдын чыгышында бир заводдо чыккан өрттө эң аз 19 киши каза болду.

Чжэцзян аймагынын Нинхай отурукташуу жеринде чыккан өрттө куткарылган сегиз кишиден үчөөсү дарылануу үчүн ооруканага жаткырылды. Өрттүн чыгуу себеби тууралуу ушул кезге чейин эч бир маалымат берилген жок.

Кытайда март айында Жиангсу аймагында химия заводунда чыккан жарылууда 78 киши каза болгон. Июнь айында да өлкөнүн ички аймактарындагы бир газ заводундагы жарылууда 15 киши каза болгон.



Тектеш кабарлар