Нобель сыйлыгын алган кара түспөл жазуучу көз жумду

Анын бир романы түрк тилине да которулган болчу.

1249115
Нобель сыйлыгын алган кара түспөл жазуучу көз жумду

 

Нобелдин адабият сыйлыгын алган америкалык биринчи кара түспөл жазуучу Тони Моррисон көз жумду.

Тони Моррисондун китептерин басып чыгарган Альфред Нопф Твиттерден берген маалыматында, 88 жаштагы жазуучунун каза болгонун билдирди.

Моррисон 1993-жылы Нобелдин адабият сыйлыгын алган биринчи кара түспөл аял жазуучу болгон.

11 чыгарма жазган Маррисон 1988-жылы түрк тилине «Жактырылган» деген аталышта которулган «Beloved» аттуу романы менен да Пулитцер сыйлыгын алган эле.

Моррисон 2012-жылы болсо мурунку президент Барак Обама тарабынан «Эркиндик ордени» менен сыйланган болчу.



Тектеш кабарлар