Учуучу унаанын прототиби сыноодон өттү

Японияда Картиватор аттуу инженердик фирма араларында  Панасоник жана Тойота мотор да болгон 80ге жакын фирманын да колдоосу менен учуучу унаа чыгаруу иштерин улантууда.

1248730
Учуучу унаанын прототиби сыноодон өттү

Жапонияда чыгарылган учуучу унаа прототиби сыноодон өттү.

Киодонун кабарына караганда мамлекетке таандык билим технологиялары фирмасы NEC акционердик фирмасы программасын кеңейтип жаткан  электрдүү учуучу унаанын прототиби менен бир минуталык сынактан өттү.

Чиба аймагындагы Абико комплексинде болгон сынакта 148 килограммдык салмактагы унаа бир минутада жерден 3 метр жогорулады.

NEC жетекчилери фирма катары унааны өндүрүүнү ойлошпогондорун бирок программалары чыгарылган учуучу унаада колдонулушун ойлошкондорун билдирди.

Японияда Картиватор аттуу инженердик фирма араларында  Панасоник жана Тойота мотор да болгон 80ге жакын фирманын да колдоосу менен учуучу унаа чыгаруу иштерин улантууда.

Фирма 2026 -  жылы массалык өндүрүүгө өтүүнү пландап жатат.

 

 

 



Тектеш кабарлар