АКШ Австралияга ракеталарын жайгаштырабы?

Австралиянын коргоо министри Линда Рейнольдс, бул тууралуу Улуттук радиодон маалымат берди.

1248291
АКШ Австралияга ракеталарын жайгаштырабы?

 

Америка Кошмо Штаттарынын  ракеталары Австралияга жайгаштырылбайт.

Австралиянын коргоо министри Линда Рейнольдс, жакында Америка Кошмо Штаттарынын Тынч океан регионунда жайгаштырылуусу пландалган орто аралыкка учуучу конвенциялык ракеталардын өз өлкөсүнө жайгаштырылбай тургандыгын билдирди.

Рейнольдс, АКШнын коргоо министри Марк Эспердин Тынч океан регионуна орто аралыкка учуучу конвенциялык ракеталарды жайгаштырбай тургандыгы жөнүндө айтканын Улуттук радиодон маалымдады.

Министр Рейнольдс, дем алыш күндөру Сиднейде АКШнын  тышкы иштер министри Майк Помпео жана коргоо министри Марк Эспердин катышуусундагы Австралия-Америка Кошмо Штаттары министрлеринин кеңешмесинде ракеталардын Австралиянын жерлерине орнотууга байланыштуу эч кандай суроо талап болбогондугун билдирди.

Ракета базалары кайда жайгашаары азырынча белгисиз, бирок Австралия ракета базалары жайгаштырыла турган жерлердин бири болбой тургандыгын билдирген Рейнольдс, Эспер менен болгон жолугушуусунда, “Ага (Эсперге) түз эле “Сиздин чын эле ушундай күтүүлөрүңүз барбы?-деп сурадым . Ал “ жок “деген жоопту берди”,-деп айтты.

АКШнын президенти Дональд Трамп башкаруучулугунун “Орто аралыкка учуучу  ядролук күчтөр” (INF) келишиминен расмий түрдө чыккандан кийин, Эспер Австралия сапарында учактагы журналисттерге Тынч океан регионуна бир нече айда орто аралыкка учуучу конвенциялык ракеталарды жайгаштыруу каалоосу болгондугун айткан.



Тектеш кабарлар