Британия Иран менен кеме алмаштырбайт

Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб Иран менен кеме алмаштырышпай тургандыгын билдирди.

1246864
Британия Иран менен кеме алмаштырбайт

Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб Иран менен кеме алмаштырышпай тургандыгын билдирди.

Рааб Бангконг сапарында берген маалыматында Британия желектүү кеменин конфискацияланышы менен укуктун үстөмдүгүн жана эл аралык мыйзамдарга карата кыймыл кылынышы керектигин белгиледи.

Бир Иран кемесинин Британияга караштуу Гибралтар башкаруусу тарабынан токтотулгандыгын айткан Рааб : «Мыйзамдуу түрдө конфискацияланган бир кемени мыйзам тышы конфискацияланган бир кеме менен алмаштырбайбыз. Иран андан мурда четке кагылган талабын кабыл алдыра албайт»,- деди.

Рааб мындай алмаштыруу, баалашуу же эки кеменин ортосунда байланыштын курулушунун күн тартиптеринде эмес экендигин баса белгиледи.

Гибралтар автоном башкаруусу өткөн айда Иран танкеринин Европа Биримдигинин Сирияга жасаган эмбарголорду бузду деген негиз менен конфискациялангандыгын билдирген.

Иран болсо танкердин конфискацияланышынын Британия үчүн «жыйынтыктарынын болору» боюнча эскерткен. Бул билдирүүдөн кыска убакыттан кийин Тегеран 19 -июлда Британия желектүү бир нефть танкерин конфискациялаган болчу.



Тектеш кабарлар