Орусияда болуп жаткан токой өрттөрү

Орусиянын Сибирь аймагы жана чыгышында өткөн жумадан бери болуп келе жаткан өрттөн улам 3 миллион гектардан ашуун токой аянты күлгө айланды.

1246085
Орусияда болуп жаткан токой өрттөрү

Орусиянын чукул абалдар министрлигинен берилген маалыматта Сибирде жана чыгышында өткөн жумадан бери болуп келе жаткан өрттөн улам 3 миллион гектардан ашуун токой аянтынын өрттөнгөндүгү белгиленди.

Маалыматта 20 башка аймактан 500 отурукташуу пунктунун түтүндөн таасирленгендиги жана 15 миң өрт өчүргүч кызматкеринин аймакка жиберилгендиги билдирилди.

Президент В. Путин коргоо министрлигине өрт өчүрүү иштерине жардам берүү жолдомосун берди. Коргоо министрлиги да ушул боюнча 10 учак жана 10 тик учарды өрт болгон аймакка жиберди.

Премьер  - министр Дмитрий Медведев болсо Орусиянын Красноярск шаарында өткөргөн өкмөттүн чукул жыйынында болуп жаткан токой өрттөрүнөн улам аймактагы абалдын өрт өчүрүү иштерине тоскоол болгондугун айтты.

Жаратылыш ресурстары жана экология министри Дмитрий Кобылкин Медведевден өрт өчүрүү иштери үчүн бюджеттен 3 миллиард рублдын бөлүнүшүн талап кылды.

Орусиянын мыйзамы боюнча губернаторлуктар токой аянтында чыккан өрттү өчүрүү чыгымынын өрт алып келе турган чыгымдан аша турган болсо өрттү өчүрбөө чечимин чыгара алат. Бул мыйзам экологдордун катуу сынына кабылууда.

Дүйнөлүк метеорология уюмуна караганда Сибирде июнь айында абанын ысыктыгы ортоломосунан 10 градус жогору болду. Орусиянын Иркутск, Красноярск, Забайкальск, Якутия жана Бурятия аймактарында өзгөчө кырдаал жарыяланган.



Тектеш кабарлар