Бёмерманн эми Эрдоган жөнүндөгү ырынын айрым саптарын окуй албайт

Германиянын Конституциялык соту, Ян Бёмерманндын апелляциялык арызын четке какты.

1245926
Бёмерманн эми Эрдоган жөнүндөгү ырынын айрым саптарын окуй албайт

 

Германиянын Конституциялык соту, куудул Ян Бёмерманндын Режеп Таййип Эрдоганды мазактаган ырынын айрым саптарынын окулушуна тыюу салган Гамбургдун аймактык сотунун өкүмүнө карата кайрылган апелляциялык арызын четке какты.

Карлсруэ шаарындагы Конституциялык сот, Бёмерманндын Гамбург аймактык сотунун өкүмүнө каршы кайрылган апелляциялык арызын четке кагып, аймактык соттун өкүмүн бекитти.

Бул өкүмдүн негизинде Бёмерманн ырынын айрым бөлүмдөрүн эми окуй албайт.

Өткөн жылы да Гамбургдун Жогорку соту, аймактык соттун өкүмүн бекитип апелляциялык арызын четке каккан болчу.

 



Тектеш кабарлар