Японияда күн катуу ысып жатат

Катуу ысык 11 адамдын өмүрүн алды.

1244772
Японияда күн катуу ысып жатат

 

Япониядагы катуу ысыктын айынан өткөн жумада 11 киши көз жумуп, 5 миң 664 киши да ооруканага түштү.

Kyodo агенттигинин кабарына караганда, өлкөнүн жалпысында таасирдүү болгон катуу ысыктын себебинен өткөн жумада 11 кишинин каза болгондугу белгиленди.

Жамгыр сезону аяктагандан кийин абанын жылуулугу ылдам жогорулагандыгы жана катуу ысыктан улам 5 миң 664 кишинин да ооруканарга кайрылгандары, булардын 119нун эң аз 3 жума ооруканада жатышы керек экени айтылды.

Жооптуу кызматтагылар, келээрки жумаларда да таасирдүүлүгүн улантаары күтүлгөн ысык абага каршы элди этият болуулары боюнча эскертип, денедеги суунун деңгээлин сактоо үчүн көп суу ичүүнү сунушташты.



Тектеш кабарлар