АКШнын Адилет министрлиги өлүм жазаларын аткарууну кайрадан баштай турганын жарыялады

Бул маалымат АКШнын Адилет министрлигинен жарыяланды.

1242758
АКШнын Адилет министрлиги  өлүм жазаларын аткарууну кайрадан баштай турганын жарыялады

АКШнын Адилет министрлиги 2003-жылдан бери алгач ирет өлүм жазасын алган камактагылардын жазасын аткаруу иштеринин кайрадан баштала турганын жарыялады.

Адилет министрлигинен жасалган жана адилет министри Уильям Баррдын буйругуна шилтеме берилип жазылган жарыяда, дагы деле өлүм жазасы тизмесинде болгон жана бала өлтүргөнү менен айыпталган 5 өлүм жазасын алган камалгандар үчүн Федералдык жаза аткаруу мекемелерине буйрук жиберилгени, декабрь айынан баштап 6 аптанын ичинде ишке ашырыла турганы белгиленди.

Министрлик өлүм жазасы тизмесинде өлүм жазасын алган 62 федералдык камактагы бар экендигинин маалыматын бөлүшүп, жаза аткаруу иштери улантыла турганынын белгисин берди.

Бир тараптан БУУнун баш катчысынын басма сөз өкүлдөрүнөн Фархан Хак да, Федералдык өкмөттүн өлүм жазасынын аткарылышы багытындагы чечимине каршылык көрсөттү.

Хак, БУУнун дүйнөнүн кайсы жеринде болсо болсун өлүм жазасынын аткарылышына каршы экендигин жана бардык өлкөлөрдүн бул ишке ашырууну токтотушу керектигин айтты.

АКШда дагы деле 29 штатта өлүм жазасы ишке ашырылууда жана федералдык мыйзамдарга ылайык жазалар «фенобарбитал» аттуу уулуу ийне сайылып жаза актарылат.

Өлкөдө федералдык соттор өлүм жазасын берүүсүн улантса дагы 2003-жылдан бери өлүм жазалары аткарылбай келген.



Тектеш кабарлар