Сирияда режим жана Орусияга таандык согуштук учактар абадан кол салды
Кол салууларда 17 жаран көз жумду.
![Сирияда режим жана Орусияга таандык согуштук учактар абадан кол салды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/612a/f117/b639/5d357790e0818.jpg?time=1718929417)
Сирияда режим жана Орусияга таандык согуштук учактардын Идлибге абадан кол салууларында 17 жаран көз жумду.
Жарандык коргонуу уюмунун директору Мустафа Хаж, эртең мененки убактарда Марраттиннуман районундагы базар аянтына болгон абадан кол салууларда алгачкы белгилөөлөргө караганда 17 жарандын каза тапканын, ондогон адамдын жаракат алганын билдирди.
Аты аталган райондо Жарандык коргонуу тобунун издөө-куткаруу иштери уланып жатат.
Акыркы 24 сааттын ичинде Идлибдеги чыңалууну азайтуу аймагынын чек араларынын ичиндеги жерлерге болгон абадан кол салууларда 34 жаран көз жумду.
Оппозициячылдарга таандык аскердик авиация обсерваториясы да Марратиннуман районуна болгон кол салуулардын Орусияга таандык согуштук учактар тарабынан ишке ашырылганын билдирди.