Индиянын бир канча аймагына чагылган түштү

Чагылгандан 32 адам көз жумуп, 13 киши жаракат алды.

1239940
Индиянын бир канча аймагына чагылган түштү

 

Индиянын Уттар-Прадеш провинциясында ар кайсы аймактарда чагылган түшүп 32 адам көз жумду, 13 киши жаракат алды.

Пресс Траст Индиянын кабарына караганда, провинциянын аймактарынан Канпур жана Фатехпурда жетиден, Жхансиде 5, Жалаунда 4, Гамирпурда 3, Газипурда 2, Жаунпур, Пратапгарх, Канпур Дехат жана Читракутта бирден кишинин чагылгандан каза тапты.

Аймактын премьер-министри Йоги Адитьянатх, катуу капа болгондонун айтып, каза тапкандардын жакындарына 400 миң рупия кун төлөнө турганын билдирди.



Тектеш кабарлар