15-Июль шейиттери чет өлкөдө да эскерилди

ФЕТӨнүн чыныгы жүзү унутулган жок жана унуттурулбайт...

1236011
15-Июль шейиттери чет өлкөдө да эскерилди
belcika 15 temmuz.jpg
baku 15 temmuz.jpg

 

2016-жылы 15-июлда Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) чыккынчылык төңкөрүш аракетинде болгондор жалгыз гана Түркияда эмес дүйнө жүзүндө да унутулган жок жана унуттурулбайт...

Азербайжандын баш калаасы Бакуда «15-Июль Демократия жана Улуттук биримдик күнүнөн» улам уюштурулган иш-чарада ФЕТӨнүн чыныгы жүзү дагы бир жолу эске салынды, шейиттер үчүн Куран окулду.

Программага катышкан Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Тышкы иштер комиссиясынын төрагасы Волкан Бозкыр сөз сүйлөөсүндө, 15-июль түнү болгон окуянын Түркия тарыхынын эң коркунучтуу террордук кол салууларынын бири экенин белгилеп, Түркиянын дагы деле ошол түндүн кайгысын тартып жатканын айтты.

Казакстанда да Түркиянын Нур-Султан элчилигинде уюштурулган маалымат жыйынында, ФЕТӨнүн чыккынчылык пландары түшүндүрүлдү.

15-Июль баатырлары миңдеген чакырым алыстыктагы Бельгияда да дубалар менен эскерилди.

15-Июль Демократия жана Улуттук биримдик күнүнөн улам Түндүк Кипр Түрк Республикасынын премьер-министри Эрсин Татар болсо өз билдирүүсүн жарыялады.

Орусия, Швеция, Дания, Түштүк Корея, Тайвань, Австралия, Грузия, Чыгыш Кудс, Ирак жана Пакистанда өткөрүлгөн аземдерде да шейиттерге дуба кылынды.



Тектеш кабарлар