Аргентинада уюлдук суукта 5 киши каза тапты

Аргентинада кыш мезгилинин башталышы менен таасирдүү болгон уюл сууктарынын айынан эки жумада 5 үйсүз киши каза болду.

1230784
Аргентинада уюлдук суукта 5 киши каза тапты

Аргентинада кыш мезгилинин башталышы менен катуу болгон уюл сууктарынын айынан эки жумада 5 үйсүз киши каза болду.

Буэнос Айрес автоном шаарынын Адамзаттык өнүгүү жана жашоо аянты боюнча министри Гуадалупе Таглиаферри телефон аркылуу катышкан телекөрсөтүү программасында Буэнос Айресте 1146 кишинин көчөдө жашагандыгын, психика жана социалдык кызмат тармагында 40тан ашуун топтун шаардын көчөлөрүндө кызмат кылгандыгын белгиледи.Таглиаферри үйсүздөр үчүн 2 миң 300дөн ашуун орундуктун даяр экендигин айтып : «Эң негизгиси үйсүздөрдүн бир жерде иштешине жардам берүү жана аларды көчөдө жашагандан баш тартуулары үчүн көндүрүү»,- деди. Үйсүздөрдүн көпчүлүгүнүн жалгыз жашаган эркектерден тургандыгын айткан Таглиаферри Буэнос Айрестеги үйсүз кишилердин отузунун бобор шаардан экендигин, калган кишилердин болсо аймактардан келгендигин кошумчалады. Бир тараптан жарандык коом мекемеси Ред Солидариа өлкө масштабында эки жумадан аз бир убакытта 5 үйсүз кишинин каза болгондугун билдирди.

Ошол эле учурда Ривер Плате футболдук командасы Ред Солидарианын демилгеси менен «Ел Монументал» деп билинген Антонио Веспусио Либерти стадионунун каалгаларын үйсүз кишилер үчүн ачты. 200дөн ашуун кишинин кечки тамак жегендиги жана 103 киши түндү өткөргөн стадиондо ыктыярдуулардын демилгеси менен чогултулган кийим жана жеке буюмдар муктаждарга берилди.

Ред Солидарианын куруучусу Хуан Карр кыш шарттары себеп болгон өлүмдөргө тоскоол болуу үчүн бул демилгени көтөрүп чыгышкандарын белгилеп : «Адамдардын көрсөткөн тилектештигине абдан кубанып жатабыз жана ыраазычылык билдиребиз»,- деди.



Тектеш кабарлар