Гималайлардагы мөңгүлөрдүн жок болушу
Гималайларда мөңгүлөрдүн эрүү ылдамдыгынын мурунку 25 жылдык процесс менен салыштырылганда 2000 – жылдан баштап эки эсеге чыккандыгы билдирилди.
![Гималайлардагы мөңгүлөрдүн жок болушу](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/438b/dc20/3a58/5d0b5da621e2d.jpg?time=1718456356)
Гималайларда мөңгүлөрдүн эрүү ылдамдыгынын мурунку 25 жылдык процесс менен салыштырылганда 2000 – жылдан баштап эки эсеге чыккандыгы билдирилди.
БиБиСинин кабарына караганда иликтөөчүлөр Гималайлардагы мөңгүлөрдүн эришине байланыштуу 1975 – 2000 жана 2000 – 2016 - жылдарга таандык маалыматтар боюнча 40 жылдан ашуун убакыттан берки мөңгүлөрдүн ээришинин чоңдугун ортого салды.
1975 – 2000 – жылдары жыл сайын орточо 4 миллиард тонна мөңүгүнүн эригендигин белгилеген иликтөөчүлөр мөңгүлөрдүн эрүү ылдамдыгынын 2000 -2016 – жылдары дээрлик эки эсеге чыгып, жыл сайын орточо 8 миллиард тонна экендигин тактады. Эмгек 2000 – жылдан бери Гималай мөңгүлөрүнүн бийиктигинин жылда орточо 0,5 метрге азайгандыгын көрсөттү.
Гималайлардагы 2 миң километрге жайылган 650 мөңгүнү иликтеген Колумбия университетинен иликтөөчүлөр мөңгүлөрдүн эришинин негизги себебинин климаттык өзгөрүүгө байланыштуу ысыктыктын артышы экендигин белгиледи.
Эмгек "Science Advances" журналында жарыяланды.