Кытайдын лидери Түндүк Кореяга барды

Си Циньпиндин сапары эки күнгө созулат.

1221680
Кытайдын лидери Түндүк Кореяга барды

 

Кытайдын мамлекет башчысы Си Циньпин расмий сапар менен Түндүк Кореяга барды.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын чакыруу боюнча өлкөгө барган Циньпин 2005-жылдан бери Түндүк Кореяга мамлекет башчы сыпатында сапар жасаган биринчи Кытай лидери болду.

Эртең мененки убактарда Түндүк Кореянын баш калаасы Пхеньянга барган Кытайдын мамлекет башчысы Циньпин, эки күнгө созула турган сапарында Кытай менен Түндүк Кореянын ортосунда акыркы жылдарда солгундаган карым-катнаштарды оңдоо үчүн Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жана жогорку даражалуу жетекчилер менен жолугушууларды өткөрө турганы белгиленди.

Кытай медиасында орун алган кабарларга караганда, тышкы иштер министр Ван Йи, Өнүктүрүү жана реформа комитетинин төрагасы Хе Лифенг жана жогорку деңгээлдеги дипломаттар да Сини сапарында коштоп жүрүштү.

Циньпин Түндүк Кореяга акыркы жолу вице-президент катары кызмат кылган 2008-жылы барган эле.

Эки өлкөнүн карым-катнаштары, БУУнун Түндүк Кореяга ядролук иш аракеттерине каршы киргизген айрым санкцияларын Кытай колдогондугу үчүн чыңалган болчу.



Тектеш кабарлар