Альборан деңизинде 22 адам сууга чөгүп кетти
Кемеде 49 киши болгон.
Мароккодон Испанияга барууга аракет кылган качкындарды ташыган кеменин Альборан деңизинде чөгүп кетишинен 22 киши көз жумду.
Испан медиасында орун алган кабарларга караганда, Испаниянын түштүгү менен Марокко жээгинин ортосундагы Альборан деңизинде мыйзамсыз мигранттарды ташыган кеменин чөгүп кетишинен 22 адам каза болду.
Марокконун Алусемас шаарынын жээктеринен шейшемби күнү жолго чыкканы белгиленген кемеде жалпы 49 качкындын болгону, булардын 27синин Надир-Мотриль каттамын жүргүзгөн паром тарабынан куткарылгандыгы белгиленди.
Бир тараптан куткарылган 27 качкындан ден-соолугу начар болгон алтоосунун тик учур менен Альмерия шаарындагы бир ооруканага жеткирилгендиги, калгандарынын болсо паром менен Мотриль портуна алып барылгандыгы маалымдалды.