Кытайдагы жер титирөөдөн каза тапкандардын саны көбөйдү
Кытайда жер титирөө болду.
1220447
![Кытайдагы жер титирөөдөн каза тапкандардын саны көбөйдү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/55d1/3ef1/aeda/5cbec6476f9c2.jpg?time=1719011959)
Кытайда болгон жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 12 кишиге жетти.
Синхуа агенттигинин кабарына караганда, өлкөнүн түштүк-батышында орун алган Сычуань провинциясындагы 6 баллдык жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 12ге, жаракат алгандардын саны 125ке жетти.
Каза тапкандардын көбү урап калган үйлөрдүн астында калып көз жумганы билдирилсе, жер титирөөдөн жабыр тарткан аймактарга жардамдар жөнөтүлгөнү маалымдалды.
Кытайдын сейсмология борбору, Сычуань провинциясынын Ибинь шаарына караштуу Чаннинг районунда кечээ жердин 16 километр тереңдигинде 6 баллдык жер титирөө катталгандыгын билдирди.
АКШнын Геологиялык изилдөөлөр борбору болсо жер титирөөнүн күчү 5,9 баллга жеткенин маалымдаган болчу.
Аймакта издөө-куткаруу иштери уланып жатат.