Катарда медиа шаары курулууда

Катар эмири Шейх Темими бин Хамед Ал Сани өлкөдө медиа иштерин башкаруу жана өнүктүрүлүшүн  максат кылган «медиа шаарын» куруу мыйзамын бекитти.

1211921
Катарда медиа шаары курулууда

 Катар эмири Шейх Темими бин Хамед Ал Сани өлкөдө медиа иштерин башкаруу жана өнүктүрүлүшүн  максат кылган «медиа шаарын» куруу мыйзамын бекитти.

Катар маалымат агенттинин билдиргенине караганда Шейх Темими өзүнүн көз карандысыз бюджети боло турган жана чеги министрлер кеңеши тарабынан белгилене турган медиа шаарын куруу мыйзамын бекитти.

Бул медиа шаары менен Катарда басма сөздү башкаруу жана өнүктүрүлүшү, эл аралык басма сөз, технология фирмалары, басма сөз жана сан ариптик басма сөз тармагында изилдөө жана билим берген мекемелердин бир жерде болушу максат кылынууда.

Теле көрсөтүү жана радио уктурууларынын уруксаты тууралуу гезит, журнал жана китеп чыгаруу, таркатуу уруксаттарынын берилиш сыяктуу жоопкерчиликтерге ээ жана эркин аймак боло турган медиа шаарынын Катардагы жергиликтүү медианы да колдой тургандыгы белгиленди.

Skynews Arabia, CNN Arabia жана MBC сыяктуу чоң медиа фирмаларынын борборлору Бириккен Араб Эмирликтеринде.

Катар бул медиа шаары менен дүйнөдөгү медиа фирмалары үчүн ыңгайлуу борбор болууну максат кылууда.



Тектеш кабарлар