ЙПГ/ПКК жарандардын талаа аянттарын өрттөдү

Сириянын Тел Рыфат районун басып алган жикчил террор уюму ЙПГ/ПКК, 50 дөнүмдүк талаа аянтын өрттөп жиберди.

1210604
ЙПГ/ПКК жарандардын талаа аянттарын өрттөдү

Сириянын Тел Рыфат районун басып алган жикчил террор уюму ЙПГ/ПКК, Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) «Евфрат калканы» жана «Зайтун бутагы» операциялары болгон аймактардагы жарандарга таандык 50 дөнүмдүк талаа аянтын өрттөп жиберди.

ЙПГ/ПКК кечээ түнү райондун түндүк чыгышындагы «Евфрат калканы» операциясы болгон аймакта орун алган Маре району менен түндүк-батышындагы «Зайтун бутагы» операциясы болгон аймакта (Африн) жарандардын талаа аянттарын өрттөдү.

Орто эсеп менен 50 дөнүмдүк аянтты күлгө айланткан өрт, Эркин Сирия армиясынын бөлүктөрүнүн көпкө алп урушуусунун негизинде өчүрүлдү.

Тел Рыфаттагы ЙПГ/ПККга мүчө террористтер, 18-майда да Баб районундагы жарандарга таандык талаа аянттарын өрттөгөн.

Африндин түштүк-чыгышындагы Азездин түштүгүндө орун алган Тел-Рыфат, 3 жылдан бери террордук уюмдун басып алуусу астында турат. Бул жерде жашаган 250 миңдей жаранды мажбурлап көчүргөн ЙПГ/ПКК, аймактан Эркин Сирия армиясынын чек араларына ок атууда.


Этикеткалар: #Сирия , #Тел Рыфат , #ЙПГ/ПКК

Тектеш кабарлар