Грецияда эрте шайлоо болот
Эрте шайлоо кайсы күнгө пландалды?
1210096
Грек өкмөтүнүн басма сөз катчысы Димитрис Чанакопулос, эрте жергиликтүү шайлоонун 7-июлга пландалганын айтты.
Alpha TVге маалымат берген Чанакопулос: «Премьер-министр, эрте шайлоонун 7-июлда өткөрүлүшүнө чечим чыгарды. Бул чечимдин себеби толугу менен университетке кирүү экзамендеринде кандайдыр бир маселе жаралбашын камсыздоо»,-деди.
Чанакопулос, премьер-министр Алексис Ципрастын 10-июнда президент Прокопис Павлопулос менен жолугуша турганын билдирди.
Алексис Ципрас Европа парламентиндеги шайлоодо партиясы башкы оппозициялык Жаңы демократия партиясынан 9 балл артта калгандан кийин эрте шайлоо чечимин чыгарган болчу.