Сирияда Башар Асад режими Баб районуна кол салды

Кол салуда 3 жаштагы бир бала каза болуп, ошол эле үй  - бүлөдөн бир аял менен бир бала жараланды.

1209059
Сирияда Башар Асад режими Баб районуна кол салды

Сирияда Башар Асад режими жана колдоочуларынын Түрк куралдуу күчтөрүнүн Евфрат калканы операциясы менен террордон тазаланган Баб районуна жасаган артеллериялык кол салуусунда бир бала каза болду. Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда өлкөнүн түндүгүндө Евфрат калканы кыймылы менен террордон тазаланган Баб районунун түштүк элетиндеги Тедиф аймагына жайгашкан Асад режиминин аскерлери кечээ түнү фронт жолуна кирип бабдык жарандарга таандык дыйканчылык аянттарын өрттөдү. Ушул боюнча Эркин Сирия Армиясы менен режим армиясы жана Иран колдогон террордук топтордон турган режим күчтөрүнүн ортосунда кагылышуу чыкты. Кагылышуу чыкканда режим күчтөрү Баб район борборунун батышындагы Дане айылына артиллериялык кол салуу жасалды.

Кол салуда 3 жаштагы бир бала каза болуп, ошол эле үй  - бүлөдөн бир аял менен бир бала жараланды.

Жаралуулар Бабдагы ооруканаларга жаткырылып дарыланууда.

Режим күчтөрү 2017 -  жылы 23 -  февралда Евфрат калканы кыймылы менен террордук уюм ДЕАШтан куткарылган Баб районундагы жарандык отурукташуу жерлерине  кээ кээде кол салуулар болууда.



Тектеш кабарлар