Нью - Йоркто тик учар дарыяга конду
Нью – Йорк өрт өчүргүчү да тик учарда жүргүнчүнүн жок экендигин, учкучтун да окуядан жаракат албастан кутулгандыгын жарыялады.
1202423
![Нью - Йоркто тик учар дарыяга конду](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/a483/30e7/ece8/5cdd0f2ea5748.jpg?time=1718908446)
АКШнын Нью – Йорк шаарында бир тик учардын Гудзон дарыясына конушу менен кыска убакытка дүрбөлөңгө жол ачты.
Нью – Йорк полиция департаментинен берилген маалыматта тик учардын Манхаттандын батыш жагындагы бир аянтка конуунун ордуна дарыяга конгондугу белгиленди.
Маалыматта : «Учкуч суудан чыгарылды жана тик учардын коопсуздугу түзүлдү»,- деп билдирилди.
Нью – Йорк өрт өчүргүчү да тик учарда жүргүнчүнүн жок экендигин, учкучтун да окуядан жаракат албастан кутулгандыгын жарыялады.