Түндүк Кореядан кургакчылык тууралуу маалымат берилди

Түндүк Корея акыркы 40 жылдын эң жаман кургакчылыгы менен бетме  - бет...

1201969
Түндүк Кореядан кургакчылык тууралуу маалымат берилди

 

Корея агенттиги KCNAнын кабарына караганда 2019 -  жылдын биринчи 5 айында жалпы Түндүк Кореяда орточо 54, 4 миллиметр жамгыр жаагандыгы жана өлкөдө акыркы 40 жылдын эң жаман кургакчылыгынын болуп жаткандыгы билдирилди. Кургакчылыктын май айынын акырына чейин улантлышынын күтүлүп жаткандыгы  билдирилди.

БУУнун  Дүйнөлүк тамак  - аш программасы (WFP) айдын башында Түндүк Кореяда акыркы 10 жылда тескери климаттык шарттарына караштуу эң жаман түшүм мезгилдеринен кийин  10, 1 миллион кишинин олуттуу тамак  - аш кыйынчылыгын тарткандыгы белгиленгендигин билдирген.

Япониянын тышкы иштер министри Таро Коно түндүк Кореяда олуттуу тамак  -  аш кыйынчылыгын ашып өтүү үчүн бул өлкөгө гуманитардык жардамдын берилишине каршы чыгып, фонддордун элдин бейкуттугу үчүн колдонуунун ордуна өзөктүк куралдардын жана ракеталардын өнүктүрүлүшү үчүн акча жумшалган бир өлкөгө тыштан жардам берүүнүн туура эмес экендигин айткан.



Тектеш кабарлар