Пакистанда бомбалуу кол салуу

Кол салууда 8 киши каза болуп, 26 киши жараланды.

1197322
Пакистанда бомбалуу кол салуу

Пакистандын Пенжап аймагынын борбор шаары Лахордо суфи күмбөзүнө жасалган бомбалуу кол салууда 8 киши каза болду алардын ичинен бешөөсү полиция. Эң аз 26 киши жараланды.

Пенжап аймагынын коопсуздук директору Ариф Наваздын берген маалыматына караганда жандуу бомба тарабынан жасалган кол салууда Дата Дабар күмбөзүнүн тегерегинде коопсуздукту түзгөн полиция бутага алынды.

Кол салуу саат 08:45те аялдар күмбөзгө кирген экинчи номердеги каалганын маңдайындагы полиция коопсуздук жеринде жасалды. Бул жердеги полиция унаасына карата  жасалган кол салууда 8 киши каза болду. Алардын ичинен бешөөсү полиция, үчөөсү жаран жана 26 киши жараланды.

8 килограммга жакын жарылуучу зат колдонулган кол салууда тегеректеги имараттардын айнектери сынып, полиция күмбөз жана тегерегин бошотту.

Окуядан кийин ооруканалар менен башка күмбөздөрдүн тегереги менен бул жерлерге ачылган жолдордо да коопсуздук чаралары күчтөндүрүлдү.

Каза болгондор жана жаралуулар жаткарылыган Король Едуард саламаттык сактоо билимдери университетинин ректорунун орун басары Халид Гондал басма сөзгө берген маалыматта оорукана моргуна жан кечтилик кол салуучунун сөөгү да болгон 9 сөөктүн алып келингендигин белгиледи. Гондал жаралуу 26 кишиден төртөөсүнүн абалынын оор экендигин айтты.

Пакистан медиасында кол салууну Пакистан Талибанынын моюнга алгандыгы жарыяланды.

Пенжап аймагынын премьер  - министри Осман Буздар аймактагы үч шаарга пландаган сапарларын жоюп, айыптоо билдирүүсүн жарыялады.

Аймактын ички иштер министри жана Коопсуздук директорун премьер  - министрликке чакырган Буздар кол салууну териштирүү жолдомосун берди.



Тектеш кабарлар