Нигерияда 26 бала куткарылды

Батыш Африка өлкөсү Нигериянын түндүк батышында куралдуу топторго карата жүргүзүлгөн операцияда 26 бала куткарылды.

1196699
Нигерияда 26 бала куткарылды

Батыш Африка өлкөсү Нигериянын түндүк батышында куралдуу топторго карата жүргүзүлгөн операцияда 26 бала куткарылды.

Кастина аймак полициясынын катчысы Гамбо Исах аймактын Ругар Кинди айылында куралдуу козголоңчу мүчөлөрүнө каршы операция жүргүзүлгөндүгүн белгиледи.

Исах операцияда куралдуу кишилер барымтага алган 26 баланын куткарылгандыгын билдирди.

Бадардын  7 – 14  жаштарда экендигин айткан Исах : «Куткарылган балдар түрдүү кол салууларга учурады. Ал түгүл  биз куткарган учурда куралдуу кишилер аларды өрттөгөнгө аракет кылып жаткан»,- деди.

Исах операцияда көп сандаган кишинин кармалгандыгын, маанилүү өлчөмдө ок  - дарынын да колго түшүрүлгөндүгүн айтты.

Аймакта кээ кээде чабандар менен дыйкандардын арасында  катуу кагылышуулар болду. Малдарын  оттотуу үчүн өлкөнүн түштүгүнө көчкөн фуланилер дыйкандардын малдарын уурдаганга аракет кылгандыгын жана өздөрүнө кол салгандыгын айтышууда.

Куралдуу козголоңчулар да бул кагылышуулардан пайдаланып, кол салууларды жасап, аймак калкын барымтага алууда.



Тектеш кабарлар