Либиядагы кагылышууларда каза болгондор

Ливиянын борбор шаары Триполи жана тегерегиндеги кагылышууларда каза болгондордун саны 213кө жетти.

1186567
Либиядагы кагылышууларда каза болгондор

 Ливиянын борбор шаары Триполи жана тегерегиндеги кагылышууларда каза болгондордун саны 213кө жетти.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Ливия миссиясынын социалдык медиа эсебинен берилген маалыматка караганда Генерал Халифе Хафтердин 4 -  апрелде борбор шаар Триполиге карата кол салуу буйругу менен чыккан кагылышууда ушул күнгө чейин 213 киши каза болуп, 1009 киши жараланды.

Кечээ уюмдан берилген маалыматта Триполидеги кагылышууларда эң аз 205 кишинин каза болгондугу, 913 кишинин жаралангандыгы билдирилген.

Кагылышуулардан улам 18 миңден ашуун кишинин да жерлеринен чыккандыгы билдирилди.

Ливиянын чыгышындагы аскердик күчтөрдүн лидери Генерал Хафтер борбор шаар Триполини колго алуу үчүн 4 -  апрелде кол салуу буйругун берип, ушул боюнча Улуттук Макулдашуу Өкмөтүнүн бөлүктөрү да «Буркан  ел  - Гадаб» операциясын баштаган.



Тектеш кабарлар