Нотр-Дам чиркөөсүндөгү өрт чоң капага салды
Париждеги Нотр-Дам чиркөөсүндө өрт чыгып чоң зыянга учураган болчу.
![Нотр-Дам чиркөөсүндөгү өрт чоң капага салды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/08f2/d1de/989d/5cb6c59464fe4.jpg?time=1719056411)
Ислам кызматташтык уюму жана Аль-Азхар мекемеси, Франциянын баш калаасы Париждеги Нотр-Дам чиркөөсүндө болгон өрткө байланыштуу терең кайгыргандарын билдиришти.
Ислам кызматташтык уюмунун баш катчысы Юсуф бин Ахмед Аль Усайбин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Нотр-Дам чиркөөсүнүн мурунку түнү чыккан өрттүн айынан жарым-жартылай урап калышына катуу капа болгонун айтты.
Баш катчы Усайбин, өлкөнүн эң маанилүү туристтик жерлеринин бири болгон, БУУнун Билим берүү, илим жана маданият уюму ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесиндеги Нотр-Дам чиркөөсүнүн өрттөнүп зыянга учураганына байланыштуу Франция өкмөтү, эли жана баардык христиандардын капасын тең бөлүшкөнүн билдирди.
Аль-Азхар шейхи Ахмет эт-Таййиб да чиркөөдөгү өрткө катуу капа болгонун белгилеп: «Жүрөгүбүз Париждеги туугандарыбыздыкы менен бирге согот»,- деп айтты.