Түндүк Корея Орусиядан учак сатып алышы мүмкүн

Орусиялык делегация Пхеньянда жолугушууларды өткөрдү.

1183449
Түндүк Корея Орусиядан учак сатып алышы мүмкүн

 

Түндүк Корея Орусиядан 2 даана жарандык учак сатып алышы мүмкүн.

Спутниктин кабарына караганда, Орусиянын Мамлекеттин Думасынан бир канча эл өкүлү Түндүк Кореянын баш калаасы Пхеньянга барып бир катар сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Орусиялык эл өкүлү Сергей Неверов, Түндүк Кореянын тышкы иштер министринин орун басары Им Чхон менен жолугушкандан кийинки билдирүүсүндө: «Жолугушууда Түндүк Корея тарап бир канча сунушун билдирди. Сунуштардын арасында 2 даана жарандык учак сатып алуу да бар. Бул учактардын Түндүк Кореянын эл аралык каттамдарынын комфортун жана коопсуздугун камсыздашы керектиги сөз кылынды»,-деди.

Неверов бул сунуштарды эң кыска мөөнөттүн ичинде Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев жана Думанын төрагасы Вячеслав Володинге билдире тургандарын айтты.

 



Тектеш кабарлар