Орусиянын президенти В. Путиндин 2018 - жылдагы кирешеси билдирилди

2017 -  жылы 18 миллион 728 миң рубль кирешеси болгон Путиндин кирешеси өткөн жылы 8 миллион 648 миң рублга азайды.

1182597
Орусиянын президенти В. Путиндин 2018 -  жылдагы кирешеси билдирилди

Орусиянын президенти В. Путин 2018 -  жылы алынган киреше тууралуу маалымат берди.

Кремль тарабынан мамлекеттин жогорку баскычындагы кишилерге байланыштуу жарыяланган мал  - мүлк маалыматтарына караганда 2017 -  жылы 18 миллион 728 миң рубль кирешеси болгон Путиндин кирешеси өткөн жылы 8 миллион 648 миң рублга азайды.

Орусиянын премьер  - министри Дмитрий Медведевдин да өткөн жылы 9 миллион 917 миң рубль киреше тапкандыгы билдирилди. Билдирүүгө караганда Путиндин өзүнө таандык Орусияда 2 квартирасы, 2 автомобиль гаражы жана 3 автомобили, Медведевдин да 367, 8 метр квадраттык квартирасы жана 2 унаасы бар.

Орусиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуровдун 442 миллион 384 миң рублдык кирешеси менен өлкөдө өткөн жылы эң көп киреше тапкан министр болуп, экинчи орунду 183 миллион 778 миң рубль менен Орусия айыл  - чарба министри Дмитрий Патрушев алды.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу өткөн жылы 11 миллион 532 миң рубль киреше тапса, тышкы иштер министри Сергей Лавров 7 миллион 340 миң рубль киреше тапкан.



Тектеш кабарлар