Зариф: «Трамптын Иран саясаты ийгиликсиз»
Ирандык министр, Трамптын аясатын сынга алды.
1174505
![Зариф: «Трамптын Иран саясаты ийгиликсиз»](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/6f1a/456e/975f/5ca1b2811f1c2.jpg?time=1719017610)
Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жевад Зариф, АКШнын президенти Дональд Трамптын Иран саясатын «ийгиликсиз» деп сыпаттады.
Зариф социалдык медиа баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, Трамптын Иран саясатынын ийгиликсиз экенин айтып: «Трамп ийгиликсиз Иран саясатын ийгиликтүү көрсөтүш үчүн ар түрдүү куру шылтоого барууда»,- деди.
Трамптын карапайым ирандык жарандарга маселе жаратып келгенин айткан Зариф: «АКШнын мурунку президенттери билгендей ирандыктардын кысымдарга баш ийбей тургандарын Трамп да билет»,-деди.