ЙПГ/ПККнын зулумдугу

ЙПГ/ПКК, Хасекеде 2017-жылы басып алган Хол лагеринде мажбурлап алып барган жарандарды адамзат ахлагына жатпаган шарттарда кармап турат.

1162127
ЙПГ/ПККнын зулумдугу

Сириянын Хасеке шаарында жикчил террордук уюму ЙПГ/ПККнын басып алуу астындагы Хол лагеринде болгон зулумдук  БУУнун күн тартибине чыгарылды.

ЙПГ/ПКК, Хасекеде 2017-жылы басып алган Хол лагеринде мажбурлап алып барган жарандарды адамзат ахлагына жатпаган шарттарда кармап турат.

Январь айынан бери Багоздон бул лагерге жетиш үчүн 300 км жол тарткан балдардан 60 чактысы каза болду.

ЙПГ/ПКК лагерде кемсинтүүчү кылыктарды кылууда.

Уюм, жарандарды фотосүрөткө тартып, өздүк документтерин алып коюуда. Хиджап кийген аялдардын баш кийимин мажбурлап чечтирип үстү башын тинтүүдө жана суукта ошол бойдон көпкө күттүрүп коюуда.

Тазалаык шарттары адамдын жашоо стандарттарынан төмөн абалдагы кол жууган жана дене жууган жерлери, жыртык чатырлары, убагы өтүп кеткен же акыркы стадиясындагы тамак аштар, өнөкөткө айланган оорусу болгондорго дары-дармек берилбөөсү, бейтаптардын кароосуз калганы лаегрдеги айрым маселелердин арасында.

2017-жылдан бери лагерде ЙПГ/ПКК зулумдугу жана терс шарттардан улам орто эсеп менен 100 бала, 10 аял жана бир улгайган аял каза болду.

Каза болгон балдардан 6сы ЙПГ/ПККга мүчө террористтердин унааларын катуу айдоосунун себебинен астында калып көз жумду.

ЙПГ/ПКК, Сириянын жерлеринин 28 пайызын басып алган. Уюмдун басып алуусу астындагы аймактарда мажбурлап курал карматуу, зордоп алып коюу, сүргүн, мүлк жана жерлерди тартып алуу, оппозициячыл көз караштагы жаран жана саясатчыларды уурдоо, мектептерге террорду жактаган программаны окутуу, азчылыктарга карай зомбулук сыяктуу укук бузуулар эл аралык уюмдар тарабынан сынга алынууда.



Тектеш кабарлар