Израиль аскерлери палестиналык баланы шейит кылды

Саламаттык сактоо министрлиги мурунку билдирүүсүндө Израиль аскерлеринин «Улуу жүрүш»  митингдерине катышкандарга ок атышы менен 4 палестиналыктын жаралангандыгын жарыялаган.

1158914
Израиль аскерлери палестиналык баланы шейит кылды

 Израиль аскерлери Газадагы «Улуу жүрүш» митингдерине кийлигишүүсүндө ок атып, жараланган палестиналык бир бала шейит болду.

Газадагы Палестина саламаттык сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда кечээ Газанын чыгышында болгон митингдерде Израиль аскерлери ок атып, жараланган Сейфеддин Эбу Зейд аттуу бала каза болду.

Саламаттык сактоо министрлиги андан мурунку билдирүүсүндө Израиль аскерлеринин «Улуу жүрүш»  митингдерине катышкандарга ок атышы менен 4 палестиналыктын жаралангандыгын жарыялаган.

Палестиналыктар 2018 -  жылы 30 -  марттан бери блокада астындагы Газа тилкесинин Израиль чек арасында «Улуу жүрүш» деген ат менен тынчтыкчыл кыймылдарды жүргүзүүдө.



Тектеш кабарлар