Иракта ДЕАШ кол салуусу

Кол салууда 3 кизи каза тапты.

1148327
Иракта ДЕАШ кол салуусу

 Ирактын Анбар шаарынын түштүк – чыгышында ДЕАШ террордук уюм тарабынан коопсуздук күчтөрүнө жасалган кол салууда 3 киши каза болду. Ирак коопсуздук күчтөрүнөн капитан Ахмет ел  - Дулейми террордук уюм ДЕАШ мүчөлөрүнүн Анбар шаарынын батышындагы Нухейиб кыштагында Ирак  - Сауд Арабия чек ара пунктуна жасаган куралдуу кол салууда эки полициянын каза болгондугун билдирди.

Террордук уюм ДЕАШ мүчөсү террористтердин кол салуудан кийин сегиз кишинин качырылгандыгын билдирген Дулейми алардын ичинен үчөөсүнүн полиция экендигин, барымтага алынгандардын бирөөсүнүн өлтүрүлгөндүгүн бирок бул кишинин коопсуздук кызматкери болуп же болбогондугу тууралуу маалыматтардын жок экендигин белгиледи.



Тектеш кабарлар