Кытайдын түндүгүндө абанын булганышы тууралуу эскертүү берилди

Кытайдын түндүгүндөгү Хыбей аймагында келерки жумада ортого чыгышы күтүлгөн абанын булганышынан улам кызгымтыл  - сары белги берилди.

1146297
Кытайдын түндүгүндө абанын булганышы тууралуу эскертүү берилди

Кытайдын түндүгүндөгү Хыбей аймагында келерки жумада ортого чыгышы күтүлгөн абанын булганышынан улам кызгымтыл  - сары белги берилди.

Хыбей жергиликтүү өкмөтүнүн өлкөнүн социалдык бөлүшүү платформасы Wechat аркылуу берген маалыматка караганда аймакта 17 – 22 -  февраль күндөрүнүн арасында абанын булганышы тууралуу эскертүү үчүн кызгымтыл  - сары белги берилди.

Маалыматта булгануунун аймактын 15 шаарында таасирдүү болору күтүлүп жаткандыгы белгиленди. Кытайдын болот өндүрүү менен алдыга чыккан Хыбей аймагынын калкынын саны 75 миллион.

Кытайда ысынуу жана электрде чоң катнашта көмүр колдонулуп, моторлуу транспорт саны да 322 миллиондон ашты.

Өлкө 2014 -  жылдан бери абанын булганышы менен күрөшүүдө. Кытайда абанын булгануу деңгээлин белгилеген сигнал системасы көк, сары, кызгымтыл  - сары жана кызыл болгон төрт баскычтан турат.



Тектеш кабарлар