АКШ Сириянын түндүк жагына байкоочу күч жөнөтүүнү пландап жатабы?

АКШнын коргоо министринин милдетин аткаруучу Патрик Шанахан, журналисттерге Ирак, Сирия жана Ооганстандагы жолугушуулары туурасында маалымат берди.

1144873
АКШ Сириянын түндүк жагына байкоочу күч жөнөтүүнү пландап жатабы?

АКШнын Сириянын түндүк жагына байкоочу күч планы...

АКШнын коргоо министринин милдетин аткаруучу Патрик Шанахан, НАТОнун коргоо министрлеринин жыйналышына катышканы барган Бельгиянын борбор шаары Брюсселде аны коштоп жүргөн журналисттерге Ирак, Сирия жана Ооганстандагы жолугушуулары туурасында маалымат берди.

НАТОдогу кесиптештерине бул өлкөлөрдөгү байкоолорун түшүндүрө турганын билдирген Шанахан: «Сирияга келсек, Сириянын түндүк чыгышында байкоочу күчтү түзүү потенциясы жагынан (НАТО жыйналышы) башкача мүмкүнчүлүк сунуштаган болот»,-деп айтты.

Бир журналисттин «Бул кандай күч болот, кимге таандык болот, ким башкарат жана кайсы жерге жайгашат?» суроолоруна жооп берген Шанахан, АКШнын Сириядан чыгуусу менен аймактагы коопсуздук жана ырааттуулуктун кантип камсыздала турганы темасында уланган сүйлөшүүлөр болгонун айтты.

Шанахан: «Бул иш-аракетке ким башчылык кылат? Ачык айтканда коалиция, өз булак жана жөндөмдүүлүктөрү менен альтернатива болуп эсептелет. Бул баскычта биздин каалаганыбыз бул. Дагы деле талкууланып жатат»,-деп кошумчалады.


Этикеткалар: #АКШнын , #НАТО , #Сирия

Тектеш кабарлар