Сириядагы тирешүүлөр

Сирияда Орусия жана Иран колдогон эки топтун ортосунда тутанган жаңжал күчөдү.

1136648
Сириядагы тирешүүлөр

Сирияда Орусия жана Иран колдогон эки топтун ортосунда тутанган жаңжал күчөдү. Хамада, Асад режимине колдоо көрсөткөн эки топтун ортосунда чыккан кагылышуунун кесепетинен 70тен ашык киши каза тапты. Жергиликтүү булактардан алынган маалыматтарга караганда, жаңжал, Орусия колдогон топ менен Башар Асаддын бир тууган иниси Махир Асаддын командирлигиндеги Иран колдогон топтун ортосунда чыккан. Учурда эки топ тең, аймактагы өз пунктарына кошумча күчтөрүн жөнөтүүдө. Орусияга таандык эки байкоочу пунктун ортосундагы айыл болсо, Иран колдогон топтун колуна өтүп кетти. Жаңжал, башка айылдарга жайылышы мүмкүн болууда.

Маалымдай кетсек, Башар Асад режими көп убакыттан бери, Сириядагы оппозицияга каршы операцияларын, Иран колдогон топ менен бирге жүргүзүп келет. Орусия болсо, режимдин кургактагы күчтөрүн машыктырат.


Этикеткалар: #Сирияда , #Орусия , #Иран

Тектеш кабарлар