Англия Парламенти Тереза Мэйдин жаңы сунушун жактырды

Премьер-министр Тереза Мей сунуштаган жаңы Брексит жараянын парламент жактырды.

1136060
Англия Парламенти Тереза Мэйдин жаңы сунушун жактырды

Англиянын Европа Биримдигинен чыгуу процесси түйшүктүү болууда. Премьер-министр Тереза Мэй сунуштаган жаңы "Брексит" жараянын парламент жактырды. Жаңы документ, Англиянын Европа Биримдигинен эч кандай макулдашуусу жок 29-мартта чыгып кетүүсүн талап кылат. Аталган документ, юридикалык күчкө ээ эмес, бирок саясий кысым жаратышы ыктымал.

Жаңы кабыл алынган экинчи сунуш "backstop" деп аталып, ал, биримдиктен чыкчу Түндүк Ирландия менен калчу Ирландия Республикасынын ортосунда чек ара түзүүгө жол бербөөгө багытталган. Чек аранын ордуна жаңы альтернативалар каралат.

Андан соң, Англия Европа Биримдиги менен сүйлөшүүгө кайра олтурат. Бирок, Европа Биримдигинин эшиги жаңы сүйлөшүүлөргө жабык. Англиядагы добуш берүүдөн кийин билдирүү жасаган Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск, «чек ара» беренеси Брексит келишиминин негизги беренелеринин бири экенин айтып, жаңы сүйлөшүүлөргө ачык эместигин билдирди.



Тектеш кабарлар