Мексикада куралдуу кагылышуу...

Мексиканын Герреро провинциясында жергиликтүү коопсуздукту камсыздоочу эки күзөтчү топтун ортосунда ок атышуу болду.

1134340
Мексикада куралдуу кагылышуу...

Мексиканын Герреро провинциясында жергиликтүү коопсуздукту камсыздоочу эки күзөтчү топтун ортосунда ок атышуу болуп 10 киши каза тапты.

Герреро провинциясынын басма сөз катчысы Роберто Алварез, Чиапа аймагына караштуу Пайсо де Тепила районунда коопсуздукту сактоочу эки топтун ортосунда куралдуу кагылышуу болуп 10 киши каза болгонун, 2 кишинин жаракат алганын маалымдады.

Окуя болгон жерге барган коопсуздук күчтөрү, ичине ок толтурулган эки жүк машина таап, коргоочуларга таандык мылтыктар дагы кагылышуу аймагынан чогултулду.

Жергиликтүү калк жарадар болгон эки кишинин окуя болгон жерден өз мүмкүнчүлүктөрү менен кетикенин айтышты.

Кагылышуунун себеби азырынча белгисиз.



Тектеш кабарлар