Ирандын нефть экспорту азайып баратат

Санкциялардан мурда күнүмдүк 2, 4 миллион баррелге жакын нефть экспортун ишке ашырган Ирандын санкциялардан кийин сатуу 1 миллион баррелге чейин артка кетти.

1127106
Ирандын нефть экспорту азайып баратат

Ирандын тышкы киршелеринин негизги бир бөлүгүн түзгөн нефть экспорту төмөндөп бара жатат.

Иран менен атомдук келишимден бир тараптуу чыккандыгын билдирген АКШнын Ирандын деңиз транспорту, финансы жана энергетика тармактарын бутага алган экинчи толкун санкциялары 2018 -жылдын ноябрь айында ишке кире баштаган.

Бул күндөн баштап Иран улуттук нефть фирмасы, Иран нефть соода фирмасы жана улуттук танкер фирмасына эл аралык чектөө киргизилип, экономикасы чоң өлчөмдө нефтиге таянган Ирандын нефть жана продукцияларынын экспортуна санкция салынды.

Санкциялардан мурда күнүмдүк 2, 4 миллион баррелге жакын нефть экспортун ишке ашырган Ирандын санкциялардан кийин сатуу 1 миллион баррелге чейин артка кетти.

Өлкөнүн чийки нефть экспорту 2018 – жылдын алгачкы айларында күнүмдүк 2, 4 миллион баррел болгон бул катнаш жылдын акырында жарымына түштү.

Иран мамлекеттик кирешелеринин 70 пайызга жакынын нефть экспортунан алат. Өлкөдө нефть кирешелери 2017 -жылы 50 – 55 миллард долларлык деңгээлден 2018 -жылы 30 – 35 миллиард долларлык деңгээлге түштү. Нефть кирешелеринин 2019 -жылы болсо 20 миллиард долларлык деңгээлге түшөрү болжолдолууда.



Тектеш кабарлар